4300 чакырым.
СүРГүН.АРХИВ.ЭС ТУТУМ

Гүлзат Алагөз

Сен өмүрүңдө жолуктурган эң муңдуу адам ким эле?”- деп сурап калды менден жакында эле бирөө. Мындай суроону чынында күтпөгөм. Адамда бир кем болот эмеспи. Көйгөйүн айткан да көп. Бирок, ошол замат көз алдыма чоң үйдүн чөнтөк бөлмөсүндө жалгыз отуруп алып, үн чыгарып обон созбой эле комузду муңканта черте берген кара-тору кичине абышка тартыла түштү. Көрсө, мен чоң атамды комузу жана муңдуу күүсү менен эстеп калган экенмин. Чоң атам ошол күүсүн черткенде тээ 1930-жылдары "кулак" деп айыпталып, Украинага сүргүнгө айдалып кеткен туугандарын жокточу экен деп коём эми. Ара жолдо сөөгү көмүлбөй калган ата-энесин, бир туугандарын, ар жакка чиедей тарап кетип, дайыны чыкпай калган бир боорлорун эстечү экен деп коём.” (эскерүүлөрдөн)

Бул лонгрид - архивди жөн гана документ эмес, адамдардын үзүлгөн тагдыры, эс тутуму жана үнү катары кароого аракет. 1930-жылдары “кулак”, “бай-манап” деп айыпталган жүздөгөн кыргыз үй-бүлөлөрү Украинага күч менен көчүрүлгөн. Архивде алардын аты-жөнү, буйруктар жана сандар калган. Бирок ошол кагаздардын артында ачарчылык, ажырашуу, коркунуч жана үмүт жашаган. Бул материал архивдик документтерди, оозеки эскерүүлөрдү жана үй-бүлөлүк тарыхтарды бириктирет.

Архив - бул жөн гана сакталган эски барактар эмес. Кээде ал үнү угулбай калган адамдардын жалгыз изи болуп калат. Сүргүнгө айдалгандардын көбү артында мүрзө да, кат да калтырган эмес. Алар тууралуу маалымат үй-бүлөлүк эскерүүлөрдө, саргайган сүрөттөрдө жана жашыруун сакталган документтерде гана жашап калды.
Кээ бир үй-бүлөлөр балдарын жашырып калууга аракет кылган. Айрымдарын тоого алып качышкан. Айрым кыздарды шашылыш турмушка берип, тизмеден чыгарып калууну көздөшкөн. Сүргүн көптөр үчүн кайра кайтпаган жол сыяктуу сезилген.
1931-жылы Кыргызстандан жүздөгөн үй-бүлө Украинага күч менен көчүрүлдү. Совет бийлиги аларды “социалдык жактан жат элементтер” деп атаган. Расмий тилде бул “көчүрүү” же “атайын жайгаштыруу” болсо, адамдар үчүн бул — мекенден ажыроо эле.
Photo by Jacob
Photo by Leio
Photo by Jacob
Photo by Marion
Photo by Jacob
Photo by Shifaaz
Photo by Mike
Photo by Jason
Photo by Sven
Photo by Ed
Photo by David
Photo by Hal
«Бир боорлорунан ажырап калган Кадыр атаны балдар үйүндѳ иштеген украин аял “сирота” деп жалооруп, башынан сылап, мээримин тѳкчү экен. Андыктан “Сирота деген бѳтѳн жердеги менин ысымым го деп ойлочумун”»
Кадыр атанын эскерүүсүнөн
Кыргыз "спецпереселендери" Херсон облусуна жайгаштырылган. Алар пахта талааларында иштеген, жаңы колхоздорду курган, мектеп ачкан. Чалбасы айылында кыргыз мектеби да болгон. Ал жерде балдар кыргыз тилинде окуп, Украинада жүрүп мекендин тилин сактап калышкан.
Сүргүндөгү алгачкы жылдар өзгөчө оор өткөн. Ачарчылык жана оорулардан улам көп балдар жетим калган.
«Өкмөт тарабынан балдарга 200 граммдан нан бере баштады... Ошол 200 грамм нанды жеп салбай, оозубузга салып чайнап анан ширенкенин же бет майдын кутучасына салып чөнтөкө катып алып, өзөк карарып бараткан сайын жалап жүрөөр элек. Ушинтип өлбө жаным өлбө деп, 1933-жылдан кутулдук»

Сүргүн менен трагедия токтогон эмес. 1937–1938-жылдары көптөгөн мурдагы спецпереселендер кайра камалып, “эл душманы” деп атылган. Үй-бүлөлөргө алардын өлгөнү айтылган эмес. Көпчүлүгү “10 жыл кат жазуу укугусуз” деген жалган билдирүү алышкан.
«Айдалып атканда элдин ошондогу караңгылыгы, корккондугу. Чоң энебиз балдарынын астына салып алайын деп төшөк-көрпөлөрүн сураса бергенден, деги эл жакын жологондон коркуптур. Корккондон эл тоону көздөй качып, байланган жылкылары, жүгөндөрү ошол бойдон казыктан чечилбей калган»
Жаныбек Такырбашевдин эскерүүсүнөн
Фрунзеден Херсонго чейинки жол болжол менен 4300 чакырым болгон. Адамдарды терезеси жок жүк вагондору менен ташышкан. Жолдо оорудан, ачарчылыктан жана сууктан каза болгондор болгон. Айрымдардын кайсы жерге көмүлгөнү бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.
Согуштан кийин айрым үй-бүлөлөр Кыргызстанга кайта баштаган. Бирок кайтуу — мурунку жашоого кайтуу дегенди билдирген эмес. Көптөр өз айылына баруудан корккон. “Кулак” деген так кайрадан тийип калабы деген кооптонуу узакка чейин жашаган.
Бүгүн Кыргызстанда бул депортация тууралуу өзүнчө эстелик дээрлик жок. Бирок Херсон облусунда кыргыз сүргүнчүлөрүнө арналган эстеликтер орнотулган. Кээде тарыхты алгач бөтөн жер эстейт.
700 үй-бүлө. 3500 адам. 28 атылган кыргыз. Бирок ар бир сандын артында өзүнчө өмүр, үн жана жоготуу турат.
Бул долбоор «Социалдык өзгөрүүлөр үчүн искусство — Борбор Азиянын маданий лидерлер лабораториясы» долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Долбоор Коомдук «Кудук» фонду тарабынан Швейцария Өкмөтүнүн Кыргызстандагы колдоосу менен, ошондой эле Art Station көркөм галереясы (Самарканд, Өзбекстан), Өзбекстандын Волонтёрлор ассоциациясы (Ташкент, Өзбекстан), Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи (Ош, Кыргызстан), «Начало» (Ibtido) коомдук уюму (Худжанд, Тажикстан), «Бактрия» маданий борбору (Душанбе, Тажикстан), «СТАН» жаштар уюму (Украина) жана «Маданият жана менеджмент лабораториясы» (Грузия) менен өнөктөштүктө жүзөгө ашырылууда.
Made on
Tilda