Бул лонгрид чоң компьютерлер үчүн калыпка салынган. Биз аны ноутбук, телефон жана планшетке да ылайыкташтырдык,

эгерде сизде чоң компьютерден ачууга мүмкүнчүлүк болсо, анда абдан жакшы болот. Ыракмат

Зууракан Сыдыкова, видеоарт

Монтажтаган Жазгүл Ибраимова

(баракчаны ылдый жылдырганда — видео өчпөйт)

АЛТОО
ОТУРАТ
«Анан ошол кезде Сыдык чоң атам келип колумдан жетелеп жөнөдү. Чоң атам кадимкидей арыкчырай, узун бойлуу, сулуучумак келген татынакай киши экен. Таң калганым, чоң атамды мен көргөн эмесмин, атам Акимкан алты жашында каза болгон экен. Эми ойлоп калам да, ата-бабанын руху колдойт деген чын окшойт деп.

Ошентип, чоң атам колумдан жетелеген бойдон бир жолдо кетип эле баратабыз. Сол жагында караңгыда боз үйгө окшогон немелер алыстан карарып турат. Оң жагында тоолор, тоонун түбүндө жакыныраак жерде апапакай боз үйлөр. Анан ошолорго карай түз эле ээрчитип баратты, бир убакта чоң боз үйгө туш келдик.
Анын эшигин эки найза кармаган киши кайтарып туруптур. Атам аларга жакын барып, бирдеме-бирдеме десе, бизди боз үйгө кийирип жиберишти. Кирсек эле ичинде чоң-чоң алты киши отуруптур. Төрдө Манас жамбаштап жаткан экен, анан Бакай ата, Алмамбет, азыр деле көзүмө элестеп турат, Чубак, Сыргак… Иши кылып, алтоо отуруптур. Ичимден санап атам, алтоо отурат...
Анан эле атам аларга жүгүнүп, минтти: "Ушу кызымды ээрчитип келдим силерге, манас айтсынчы, айта албай жүрөт, кыйналып атат көптөн бери" — деди. «Оорулуу өзү» — деп кошумчалады, «жүрөгү ооруйт». Чын эле жүрөгүм ооруп жүрчү.

Ошентсе эле, "оорубайт, жүрөгү айыгат. Айтат бул!" — деп эле Бакай ата тура калып эле, колун мага шилтеп: "Айт! Айт! — деп атам, айт!" — деп үч жолу үнүн бек чыгарып,өкүм кылгансыды, анан ошо бойдон эле минтип баштадым да:

Ээээй эки жакта эки тоо,
Ортосунда эки жоо,
Бири кара, бири ак,
Болгон экен эки жоо….».
1
2
3
Ушинтип 73 жаштагы (азыр жашы 74тө) манасчы ЗУУРАКАН СЫДЫКОВА өзүнүн кантип алгач аян алып, түшүндө чоң атасын көрүп, «Манас» айтып калганын Караколдогу квартирасында 2021-жылдын 25-декабрында бизге баяндап отурду.
АЯН / БАЯН
Бул түштү ал Пржевальскийдеги (азыркы Каракол шаары) педогогикалык институттун математика факультетин жаңы бүтүп, мугалим болуп иштеп жүргөн кезде көргөн. Ал күнү бир тууган инисинин кызынын бешик тою болуп жаткан. Конок тосууга жардамдашып жүрүп, эсин жоготуп, жыгылып калганда ошол түштү көргөн.

Түшпү же аянбы анда өзү деле айырмалап түшүнгөнгө чамасы келген эмес. Ошондо биринчи жолу айткан Манас баянын.
1
Ага чейин деле башкача түштөрдү көрүп, кулагына ар кандай үндөр угулуп, кыйналып жүргөн күндөрү болгон. Педогогикалык институттун акыркы курсунда окуп жүргөндө, бир жолу түнү бою жөөлүп, жатаканда чогуу жашаган кыздарынын да тынчын алып, таң атканча уктатпай койгону эсинде.
үндөр
АЙТ! АЙТ! АЙТ!
2
Анда аян эмне экендигин билчү да эмес, «акыл-эсимден ажырап, оорулуу болуп калбаймынбы» деп көпкө кыжалат болуп жүргөнүн азыр эстеп калат. Кийин окууну бүтүп, жаңыдан турмуш куруп, иштей баштаганда андай түштөр көп кирчү болду.
түштөр
«Анда окууну бүткөндө дароо дипломду берчү эмес, бөлүнгөн мектептерде иштеп, справка алып келгенде, бир жылдан кийин гана документибиз колубузга тийчү. Мен Тору-Айгырдагы мектепке чектелип, иштеп жүргөндө биринчи жолдошум ала качып кетти. Окуучуларды талаада картошка жыйнатып жүргөндө, кайнагам көрүп, жактырып, «эмне болсо да, ушул кызды ал» дептир. Ошону менен жашап калдым.

Жолдошум тракторист болчу, тез-тез ичет, мас болгондо идиштерди талкалайт, ызы-чуу салат. Ал жылдары түшүмдөн да кыйналып, турмуштан да жүдөп жүрдүм. Алыс эмес жерде талаада, чоң аң бар болчу, ошол жакка эле баргым келе берчү. Оокаттарды бүтүрүп коюп, эч кимге көрүнбөй акырын жалгыз кетип калчумун. Үйдөгүлөр билип калбасын деп, көбүнчө күүгүм ченде кетчүмүн. Аны кайнагам байкап калыптыр, «күндө кечинде ошо аңга барат, эмне кылат билбейм…» деп үйдөгүлөргө айтыптыр.

Мен ошо жерге кирип алып аябай бирдемелерди айтчумун да, эмнени айтканымды өзүм деле билбейм, кээде ырдап калчумун, өзүнөн өзү оозума бир нерселер келе берчү …»

— деп эскерет Зууракан апа алгач манас айтканга чейинки түштөрү кыйнап жүргөн күндөрүн.
өзүнөн өзү
3
МАНАСЫН АЙТЫП КЕЛЕТ
1/3
Бир жылдан кийин туугандарынын кеңеши менен кайын журтунан бөлүнүп, жолдошу экөө Көк-Мойнокко көчүп барып, ал жердеги мектепте иштей баштайт. Жаңы жерде сырдуу түштөрү азаймак турсун көбөйүп, түнкүсүн уктай албай жүрөт. Жолдошу да ичкенин койбой, бир балалуу болгондон кийин ажырашып кетишет.
МУГАЛИМ
2/3
Ошондон бери Зууракан Сыдыкова кырк жылдан ашуун мугалимдик кесиби менен бирге манасчылык өнөрдү да таштабай, ар кайсы маданий иш-чараларда, теле, радио программаларда «Манасын айтып келет.

2014-жылы «Манас» жаштар ордосунун колдоосу менен өзүнүн вариантында «Чоң казат» жана «Көкөтөйдүн ашы» окуяларын жарыкка чыгарып, китебинин бет ачарын Бишкекте фольклор изилдөөчүлөрү менен манасчылардын катышуусунда өткөргөн.
40 ЖЫЛ
3/3
Бир нече жылдар бою эпостун окуяларын жазып жүргөн дептерлерин Улуттук Илимдер Академиясынын кол жазмалар фондуна өткөрүп берген. «Манас» эпосунан сырткары «Жаныш-Байыш» кенже эпосун да жазып, басмага даярдап койгон. Билим берүүдөгү сиңирген эмгектери белгиленип, бир катар сыйлыктарга да татыган. «Устат мугалим», «КР билим берүүсүнүн мыктысы», «Ардактуу атуул» ж.б сыйлыктары бар.
ЭМГЕК
Зууракан Сыдыкованын китебинин презентациясы
«аялдан манасчы чыкпайт»
Манасчы Талантаалы Бакчиевден Зууракан Сыдыкованын телефон номерин алып, байланышып, аял манасчылар тууралуу изилдөө жасап жүргөнүбүздү айтып, интервьюга макулдук суранганыбызда суз кабыл алып, «Эми мен картайып, мурдагыдай болбой калганмын, жаштарга барбайсыңарбы?» дегени эсиме түштү. Бир улгайганын, бир туруп ден соолугун, мектептеги жумушунун көптүгүн, кыштын суугун айтып жолугушууну да бир нече жолу жылдырды.

Мүмкүн, бир эсе сырдуу, бир эсе түйшүктүү бул өнөр тууралуу шар эле башкаларга айта салуу да оңой эместир. Же эл арасынан «аялдан манасчы чыкмак беле» деген көңүл сууткан сөздөрдү угуп жүрүп, өз өнөрү тууралуу башкаларга ачылып айткысы да келбей калгандыр. Түшүн айтып берип жатып да, улам үшкүрүп, жүзү ойлуу тартып турду.
УГУЛБАГАН АТТАР
Зууракан апа манасчылык тагдырындагы оош-кыйыштуу күндөрү тууралуу айтып жатканда, башка манасчы аялдардын да кейиштүү тагдырлары көз алдыма тартылып жатты. Манасчы айымдар тууралуу изилдөө долбооруна даярданып жүрүп, манасчы Сейде Дейди кызы, Сейдене Молдокеева (семетейчи), Канымбүбү Абдыраимова, Асаткан Атаналиевалар тууралуу да китептерден, жакын туугандарынан маалымат жыйнаган элем.

Алар да айтуучулук жолунда көптөгөн тоскоолдуктарга туш келишип, манасчы катары таанылуу жолдору катаал болгон экен. Коомдо «аялдан манасчы чыкпайт», «аял манасчылар жок», «бир гана аял эпосту айткан, бирок ал да «Манаска» даабай, «Семетейди» айткан» деген пикирлер дайым кайталана берип, элдин аң-сезимине биротоло сиңип бүткөн сыяктуу.
Ошондуктан тарыхыбызда аял манасчылардын болгондугу тууралуу так, далилдүү маалыматтар болсо да, алардын аттары көмүскөдө калып, комго таанылбай, изилденбей келет.

Мисалы, райондук, облустук конкурстарда жеңип, «Манас — 1000»де байгелүү орунду алган Ат-Башылык Канымбүбү манасчыга Нидерландиядан келген антропологдон башка эч бир жергиликтүү илимпоз кызыкпаптыр.

Ал эми Сейде кызына Сейит деп уул баланын атын коюп алып, эбин таап элге чыгарып «Манас» айттырып чоңойткон Дейди ырчынын манасчы кызынын айткан «Манасынан» болгону 3 бет текст (Академиянын кол жазмалар фондунда сакталуу) жазылып калыптыр.

Ал эми манасчылык өнөрдүн мекени болгон көл калаасында атактуу Кааба, Шабай манасчылар менен ээрчишип, бир катар фестиваль, конкурстарда «Манас» айтып келген Зууракан Сыдыкованын өнөрүн изилдегенге кызыккандар болбоптур.

Совет мезгилинде эле таанылып, ал гана турсун «Эл артисти» деген наамга да татыктуу болуп, таанылган жалгыз эпос айтуучу аял Сейдене Молдоке кызын да, аял болгондуктан «Семетейди» гана айткан, «Манасты» айтканга дааган эмес деген «ишеним» өзгөчө басым менен азырга чейин баса белгиленип жүрөт. Азыр айтып жүргөн жоон топ манасчылардын арасында деле кыздар, аялдардын аттары угулбайт.
Сейде Дейди кызы
Сейдене Молдокеева
СЕМЕТЕЙЧИ
Канымбүбү Абдыраимова
Асаткан Атаналиева
Бул макалада ошондой көмүскөдө таанылбай калган аял манасчылардын айтуучулук өнөрдү көптөгөн тоскоолдуктарга карабай кантип таштабай, улантып келе жаткандыгы тууралуу сөз кылсак. Ал үчүн атактуу манасчылар чыккан көл калаасында жашап, 74 жашка келгенче эпосту айтып, «математик манасчы» деген атка конгон, улуу муундагы аял манасчы Зууракан Сыдыкованын өмүрү жана манасчылык тагдырына саресеп салып көрсөк.
Зууракан Сыдыковага жолуктурган долбоор
1
2021-жылы БААУнун окутуучулардын изилдөөлөрүн колдоо грантын Кыргызстандагы аял манасчылар тууралуу изилдөө жүргүзүү үчүн утуп алдым. «Көрүнбөгөн манасчылар: аял манас айтуучулардын таанылуу көйгөйлөрү» деп долбоорду атап жатып, ушул улуу өнөрдү аркалаган аялдардын аты эмне үчүн көмүскөдө калат деген суроого жооп табууну максат кылгам.

Эмне үчүн эл өзгөчө даңазалап, барктаган эпостун айтуучулары, аял болгондугу үчүн эле чыгармачылык жолу татаалдашып, жашоо-тагдырлары тайкы болуп калат? Аял айтуучулар кимдер? Алардын эркек айтуучулардан айырмасы эмнеде? Азыр да ушул өнөрдү улаган кыздар барбы? Башка элдердин маданиятында да баатырдык дастандарды айткандар болгонбу? Аларды коом кандай кабылдаган? Фольклор, маданият таануу илимдеринде булар тууралуу эмне жазылган? деген суроолор менен изилдөө долбоорду баштап, Зууракан Сыдыкова баш болгон бир катар манас айткан айымдарга жолуктум.
СУРООЛОР
2
Темам жөнүндө маалыматтарым кеңейген сайын манасчы аялдардын көмүскөдө калып, таанылбай калышына, ал гана турсун ушул өнөрдү аркалагандыгы үчүн башкалардан запкы тартышына, дин, адат-салттардан сырткары, аялдын орду жөнүндөгү стереотиптүү түшүнүктөрдүн таасири чоң болгондугуна ынандым. «Аялдан манасчы чыкпайт» деген ишеним адат-салттарды бекем туткан салттуу чөйрөдө эле эмес, маданият ишмерлери менен изилдөөчүлөрдүн чөйрөсүндө деле бекем орноп калгандай туюлат. Бирок тарыхыбызга кайрылсак, аял манасчылар болуп эле келиптир, азыр деле айтып, жазып келатышкан апалар, кыз-келиндер бар экен.

«Аялбы, эркекпи эмне айрымасы бар, аян келсе айттырат, андан баш тарта да албайсың», — деп Зууракан манасчы айткандай, аялдар деле түшүндө аян алып, ооруп, бир катар сыноолордон өтүп келишет экен бул өнөргө. Зууракан апанын жашоосунан алынган мисалдар буга күбө. Албетте, айтуучулук өнөрдүн пайда болушуна аяндан сырткары бала кездеги чөйрө да зор таасир этет тура.
АЗЫР ДЕЛЕ
2/4
Ал эми апасы Ракыя атайын кесипке ээ болбогону менен ооз комузду чебер ойногон, өзү аткарган күүлөрдүн тарыхын да көркөмдөп айтып бере алган аял болгон экен. Энесинин грузин кызы Зулейко тууралуу обонду ооз комузда нечен жолу аткарып, ырдын тарыхын көркөмдөп айтып берген күндөрү Зууракан манасчынын күнү бүгүнкүдөй эсинде.
ЭНЕ-АТА
1/4
Зууракан Сыдыкова Ысык-Көл областынын Түп районундагы Талды-Суу айлында 12 балалуу чоң үй-бүлөдө туулган. Атасы Акимкан Сыдыков кесиби боюнча айыл чарба, билим берүү жаатындагы кесипкөй адис, партиялык активист катары жетекчилик кызматтарды аркалоо менен бирге эле, комузду мыкты чертип, күүлөрдү чыгарган өнөрпоз катары да эл арасында таанымал болуптур.
1948-ЖЫЛЫ
3/4
Акимкан менен Ракыянын таасири балдарына да тийип, алар комуз чертип, обон созуп, ырга шыктуу болуп чоңоюшат.

Бүгүн алардын айылы Талды-Суунун мектебинин Ардак тактасында Акимкан атанын үйүнөн төрт кишинин сүрөтү айылдын ардактуу жашоочулары катары илинип турат. Алар Акимкан Сыдыков, Уулдары Муканалы жана Акматкалый Сыдыковдор жана кызы, манасчы жана мугалим, Зууракан Сыдыковалар.
ТАЛДЫ-СУУ
ЭСТРАДА
Акимкан Сыдыковдун күүлөрүнүн кээ бирлери алтын фондго жазылса, баласы Муканалынын обондору эл арасына кеңири жайылып, «Кош жылдыз», «Кызыл гүл» деген обондорун кыргыз эстрада жылдыздарынын бир нече мууну аткарып, популярдуулугун азырга чейин жоготпой келет. Бир кезде Абдималик Шерматов менен Динара Акулова аткарган «Кош жылдыз», азыр Аваз Акимов менен Айдана Дека тарабынын аткарылып, сахнадан түшпөй жүрөт.

Ал эми Акимкан Сыдыковдун таякесине арнаган «Алмакун» деген күүсүн Казакстандын «Отрар-Сазы» деген оркестри иштеп чыгып, Алматыда коюлган.
4/4

1. Ардак тактадагы сүрөттөр

2. Атасы кызы балдары менен

3. Атасы Акимкан

колдоо
өнөр
Ошентип, өнөргө аздек мамиле кылган үйдөгү бөтөнчө чыгармачыл атмосфера Зууракандын дастанчылыкка кызыгуусун бала кезде эле ойготкондой. Ушул жагынан алганда Зууракан Сыдыкованын өмүр баянында башка манасчы аялдар менен көп эле окшоштуктар көрүнөт. Сейде Дейди кызынын, Канымбүбү Абдыраимованын, Сагымбай манасчынын кыздарынын дастанчылык практикасында да аталарынын ролдору чоң болгондугун эскере кетүү зарыл.

Сейденин атасы Дейди өз аймагындагы белгилүү ырчы болсо, Канымбүбүнүн атасы санжырачы болгондугун, ал эми Сагымбай манасчынын үй-бүлөсүндө атанын манасчылык өнөрү кыздарына оогондугун айтсак болот.

Мында өнөрдүн тукум куучулук касиети эле эмес, ырчылык менен дастанчылыктын байланышы да маанилүү. Мисалы, «Манас» эпосун изилдөөчүлөрүнүн бир К.Абакиров өзүнүн макаласында дастанчылык менен ырчылык, жамакчылык тармырлаш экендигин баса белгилеп, белгилүү манасчылар жамактап ырдаганга жаш кезден шыктуу болгондугун белгилейт.

Канымбүбү манасчынын кыздары да, интервью учурунда манасчы энесинин жамактап ырдап, айылдын мугалимдерин, элдин эмгек акысын бербей кечиктирген бухгалтердин, келинчегине кол көтөргөн кайнагасынын кемчиликтерин ырга салып, уяткарып салган учурларын эскеришкен.

Ал эми Франкфурт мектебинин илимпозу Хонетц чыгармачылык өнөрдүн калыптанып, өсүшүндө жакын адамдардын, коомдун колдоосу да зор роль ойнорун айткан. Ал өзү түзгөн «таанылуу теориясында» өнөрпоздорго карата жакын адамдардын колдоосу маанилүү фактор экендигин белгилейт.

Ал эми аялдын жүрүм-турумун тыкыр көзөмөлгө алган, кыргыздар сыяктуу патриархалдык салттуу коомдо өнөрлүү аялдарга карата атасынын, жолдошунун колдоосу эки эсе маанилүү болгон. Аял өнөрпоздорунун коомго чыгуусу, таанылышы да алардын колдоосусуз ишке ашкан эмес. Аял кишинин эл алдына чыгып өнөр тартуулоосун уят көргөн салттуу коомдо өнөрпоз аялдарга күмөндүү карап, жеңилсинтип, басмырлоого да жол берилген.
Ошондуктан Дейди ырчы Манас айткан таланттуу кызын андай тайкы мамиледен коргош үчүн атын Сейит деп тааныштырып, кийимин уулча кийгизип алып, Манасты айттырып, өзү менен бой жеткенче ээрчитип жүргөндүгү айтылып жүрөт.

Ал эми Сейдене Молдоке кызы өзү кайнатасы Сейитбектин батасы жана колдоосу менен айтуучулук өнөрүндө ийгиликке жеткенин ар убак баса белгилеп келген.

Зууракан Сыдыкованын жашоосунда да атасы Акимкан манасчы кызынын колдоочусу да, коргоочусу да болгон. Кызы алагач аян алып, эсин жоготуп, Манас түшүнө киргенде, атасы гана аяндын маанисин түшүнүп, ырымын жасап, молдо чакырып, кызына бата алып береген экен.
1
2
3
«Манасчы айымдардын өнөрү айткан сайын ачылып, өркүндөп өсмөк»
Зууракан Сыдыкова
ТҮШ,
АТЕИЗМ,
ТҮЛӨӨ
Акимкан ата манасчы кызына көп эле колдоо көргөзүп жүрүптүр. Өзү менен комуз черткен балдарына кошуп, кызын ээрчитип алып, бир нече жолу ыр кесе, кароо сыяктуу маданий иш-чараларда эл алдына чыгарып жүрөт. Кийин деле кызын Манас ордого алпарып келем деп жүрүп, тилегине жетпептир. Ал жакка кызы кийин атасынын көзү өткөн соң, сиңдисин ээрчитип, өзү барып келгендигин айтат.

Ал эми жолдошуна келсек, Зууракан манасчыны биринчи жолдошу колдомок турсун, алгач укканда шылдыңдап, күлүп да жүргөн экен. Өзү да ичкен киши болгондуктан, турмуштары да тез эле эки жолго түшүптүр.
ҮЙРӨТКӨН КИШИ БОЛБОДУ

Фото 1 жана 3. Манасчылар менен

Жогоруда аталган айтуучуларда да устатчылык ролду ошол манасчы аялдардын же кыздардын атасы аткарганын көрөбүз. Мындай мисалды Сагымбай манасчынын өз кыздарын үйрөткөнү тууралуу маалыматтар тастыктайт, ал эми Сейде, Канымбүбү, Зууракан манасчылардын мисалында биз устатты эмес, көбүнчө, колдоочуну көрөбүз. Алардын аталары манасчы болбогондуктан, айтуучулук чеберчиликти үйрөтө алган эмес, бирок кыздарынын өнөрүнө туура баа берип, колдоо көрсөтүшкөн.
Ал эми Зууракан кызы бул тууралуу укканда атасынын чечимине өкүнүп, азырга чейин арман кылып калат:

«Уркаш абага ошондо кошуп жөнөтсө, мүмкүн азыр белгилүү, чоң манасчы болот белем деп калам. Мени үйрөткөн киши болбоду. Бул өнөр канча айтсаң ошончо ачылат экен. А мен манасчыларды анда-санда көрөм, иш-чараларга деле үй оокатынан бошоп, катыша албай калам. А Фрунзеге барганда бир эле ошол жак менен кетмекмин да.

А бул жакта эч кимди деле тааныбайсың, манасчылар менен деле байланыш жок. Өзүм да математик болсом, көркөмдөп айтуудан кыйналам, сөз байлыгым да бай эмес. Өз билгенимче айтым жүрдүм да. Ошондо атам менден жашырбай айтканда, эч кимди укпай кете бермекмин. Анткени ошол кезде бир башкача элирип, «Манасты» айткым келип, бир жерге тура албай жүргөм».
Ал эми Зууракан манасчынын мисалында биз эки нерсени байкайбыз. Бир жагынан өзү өнөр баккан комузчу катары Акимкан ата кызы Зууракандын өнөрүнө тыюу салбай колдоп, ар кайсы маданий иш-чараларга кызын кошо ээрчитип, элге чыгарып жүргөн. Бирок, экинчи жагынан, кызынын таанылышына, өнөрүнүн өсүшүнө тоскоолдук кылган салттык нормаларга каршы чыга алган эмес.

Өзүнүн айылдашы белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев кызы Зууракандын манас айтып жүргөнүн угуп, Фрунзеге алып кетип, ошол жактан окутуп, үйрөтөйүн деген сунушуна макул болбойт. Ал сунушту кызына деле айтпай өзү баш тартып коет. Анткени салттык түшүнүктө башка кишини бейтааныш жаш келин ээрчип жүргөнү туура эмес түшүнүлүп, ар кандай ушак ээрчирин билип, кызын жаман сөздөрдөн коргогон.
балдары эмес, кызына ооп
Ошентип, аял манасчылардын практикасында башка манасчылар менен тыгыз байланышта болуп, алар менен чогуу иш-чараларга тынбай катышуу кыйынга турат. Устат күтүп аны менен бирге эл кыдырып, үйрөнүү мүмкүнчүлүгү да жок. Бул аял айтуучулардын чеберчилигинин өсүшүнө жана алардын таанылышына тоскоолдук кылган негизги себептердин бири.

Ушундай тоскоолдуктардан улам Зууракан Сыдыкова өзүнүн манасчылык мүмкүнчүлүктөрү толук ачылбай, элге чыгууда да шарттары чектелүү болгонун эскерет.
Кээде манасчылык эркек бир туугандарына эмес, ага берилип калганына да өкүнүп кетет:

«Биздин үй-бүлө чоң болчу, 8 уул турса айтуучулук мага келгенин карабайсыңбы? Апам жаш кезинде түшүндө Саякбай манасчыны көрүп, “балдарымдын бири манасчы болот го”, — деген экен.

Бирок балдары эмес, кызына ооп, мен манасчы болуп жатпаймынбы. Эгерде эркек бир туугандарымдын бирине берилгенде, алар бул жолдо шыр эле кетмек беле деп калам. Аял кишиге кыйын экен. Кээде бир жактарга чакырып калганда барсаң, ачык эле айтышат, “койчу аял да манас айтабы” деп.

Иш-чараны тартып жаткан журналисттер деле балдарды ороп калышат, мага көңүл деле бурушпайт. Айтпайын десең, таштап коё албайт экенсиң. Эми жашым деле келип калды, унутчаак болуп баратам. Айтып жатып, сөздөрдү да унутуп калам. Айткандарымды кагазга түшүрүп жүрдүм эле, ошолордон кыскартып, Ч. Орозобекованын редакциясы менен китеп кылып чыгардым».
1
Филология илимдеринин доктору А.Эгембердиева манас айтуучуларды изилдеп жатып, аялдардан манасчы чыкпагандагын бул өнөрдүн жүгү аялдар үчүн оор экендиги менен түшүндүрөт. Бир жагынан, бул пикирге ынанып, баатырдык эпостун негизин түзгөн согуш, түмөн кол катышкан чабышуулар, кылыч, найзасынан кан тамган баатырлар тууралуу айтуу аялдарга көп туура келе бербегендиги жөнүндө ой келет.

Бирок, ошол эле учурда, аян жана оору, жоготуу сыяктуу сыноолор аркылуу келген бул «өнөрдүн жүгү аял заты үчүн көтөрө алгыс оор болгондуктан аялдан манасчы чыкпайт» деген пикир да суроо жаратпай койбойт.
«оор»
ЖүК
2
Сейдене, Зууракан манасчылардын мисалдарына таянсак, аян тандоого мүмкүнчүлүк бербестиги байкалат. Экөө тең аян алганда баш тарта албай далай запкы тартып, жашоолорунда ажырашуу, жоготууларды баштарынан өткөрүп, оорудан жабыркагандыгы тууралуу мисалдар арбын.

Семетейчинин жүгү жеңилирээк болгон үчүн Сейдене Манас айтпай, «Семетейди гана айткан» деген пикир да далилсиз. Төрт уулун жоготуп, оорунун азабын тарткан Сейдененин «жүгү» эмнеси менен жеңилирээк болуп эсептелгендигин да түшүнүү кыйын.
«жеңил»
Чындыгында бул тема илимде деле жетиштүү изилдене элек. Сибирь элдеринин арасында баатырдык эпосту айтуучу аялдар хакас, бурят, якут элдеринде кездешет. Кээ бирлеринде тыюулар деле жок, башкаларында тыюу салынбаса да колдоого алынбайт. Аялдар эпосту эркектер согушка кетип, эч ким айтпай калганда айтышкан деп, аялдардын айтканына жаман жышананын белгиси катары кооптонуу менен мамиле кылышат.

Айтуучулук боюнча белгилүү теориялар деле жалаң эркек айтуучулардын практикасынын негизинде түзүлгөндүгүн эске алсак, аялдардын бул тармакта көп таанылбай калгандыгынын обьективдүү себептерин изилдөө али алдыдагы иш го деген ой келет. Албетте, мындай изилдөөлөрдө бул өнөрдү аркалаган аялдарга келген сыноолор эки эсе ашып түшкөндүгүн эскерте кетүү зарыл.
Аялдын орду
3
аялдын эпосу
Аян, оору, жоготуулар гана эмес, коомдогу калыптанган ченемдер да көптөгөн тоскоолдуктарды жаратарын белгилеп өтүү шарт. Эркектер басымдуулук кылган манасчылардын чөйрөсүнө толук аралашып, устат күтүп, алар менен кызматташып, айлап-жылдап өнөр тартуулап, эл кыдырып жүрүү салттык ченемдерге каршы келгендиктен, аялдардын бул тармакта суурулуп чыгышы да оңой эмес.

Ажырашуу, жолдошунун, туугандарынын каршылыгы көптөгөн аял айтуучуларды бул өнөрдөн оңой эле баш тарттырган. Жаңыдан айтып баштаган кыздар деле, турмушка чыгары менен манас айтканды токтотуп, тез эле аттары угулбай калып жүрөт.

Ошол эле салттагы аялдын ордун чектеген стереотиптүү нормалар да канга сиңип бүткөндүктөн айтуучулукту таштабай улантып, элге чыгып жүргөн манасчы айымдар деле көрүнбөстөн, көмүскөдө калышып, таанылууга мүмкүнчүлүк берилбей келет.
4
Мүмкүн, бул маселенин чечилиши үчүн Хонетц «Таанылуу теориясында белгилегендей» ошол манасчы айымдардын үй-бүлөсү, эң биринчи кезекте, атасы, жолдошу, агалары колдоо көрсөтсө;

коомчулук да «аялдан манасчы чыкпайт» деп биротоло жыйынтык чыгарып койбой, аларды жерибестен, бааласа, Зууракан Сыдыкова айткандай, манасчы айымдардын өнөрү «айткан сайын ачылып, өркүндөп» өсмөк беле?
автор
МУКАРАМ ТОКТОГУЛОВА
редактор
ТЕРГЕН, КАЛЫПКА САЛГАН
Эсимде изилдөө аянтчасынын
CFLI колдоосу менен аткарылган
«Он эки» / «Двенадцать» аттуу демилгеси

Кыргызстан, Бишкек,
бирдин айы 2023
Made on
Tilda