Түштүктө чач жасалганын жөнөкөй түрү «суйсал» болгон. Ал кара түстөгү жибек жиптен өрүлүп, учу бир же эки чачы менен чачыланган, бир нече мындай өрүлгөн боону чогултуп тигип, үстүнө чачка тагууга топчу тигишкен, кээ учурда жип боюнча эле калган. Чач учтукту чачка бекитүүдө, топчу дагы, жип дагы ыңгайлуу болгон. Чач учтуктун шөкөттөлүшү, формасы жаш курак өзгөчөлүгүнө жараша болгон.
Азыр баамдап көрсөк, жаш улгайган сайын баба-бара чач да азайып, кыскарып,кайраты кеткен, ошого жараша чач учтук да жеңилдеп, жөнөкөйлөшүп баштаган. Чач учтук тагынуу келин экендигин билдирген жасалга болгон.
Кыргыздар чачка болгон аярлуу мамилеси аркылуу тарбия бере алышкан. Чачтын өрүмүн жана санына жараша курактык өзгөчөлүгүн билүүгө болгон.
Кичинекей кыздын чачы бир аз өскөн соң, саамайына 2 катар кылып өрүп коюшкан, мындай эки саамай чач менен жети-сегиз жашка чейин жүрүшкөн. Андан соң «көкүл» деп чачтарын майда өрүп, саамайына 3 же 5 чачын түшүрүп коюшкан.
Майда чачтарын жуугандан соң катуу өрүп, учун ак кебез менен бекитип коюшкан. Биринчиден ак кебез чачты жанып кетүүдөн сактап, анын тазалыгын билдирип турса, экинчиден ал ак түс өсүп өнүп жүрсүн деген ырым болгон. Кыздын чачын өрүү үйдөгү келиндин же мындайча айтканда жеңесинин жумушу болгон, үйдө келин болбосо энеси караган.
Кыздын майда көкүл чачтары турмушка чыккандан баштап өзгөрүп баштаган, кызды күйөөгө узатып жатканда башын жууп, атайын чакырылган, урматтуу, элдин сыйына татыган башы бүтүн, бала-бакыралуу аял же болбосо жеңеси куйрук май менен майлап экиге катуу өрүшкөн. Эки өрүм чач менен аял өмүрүнүн акырына чейин жүргөн.
Чачтын өрүмү боюнча К.И. Антипина апа белгилей кеткендей түштүктө кошуна элдерден кабыл алынган, кийинчерээк пайда болгон кыз кезиндеги майда өрүмдү ошол эле бойдон калтырып койгон, ал учурда кызды узатууда чачын эки кылып өрүшкөн эмес.
Майда чачтар биринчи балалуу болгондо, кээ учурда экинчи балалуу болгонго чейин жүргөн. Кээде жаңы келген келин апасы же жеңеси келгенге чейин майда чачтар менен да жүргөн. Кийин төркүнүнө барганда эки өрүм чач менен чач учтук тагынып барган.
Чач учтуктун өзүнүн аты айтып тургандай чачтын учуна тагышкан, жалпы жонунан чач учтук деп аталса, анын да аймак аралык өзгөчөлүгү болгон. Чач учтук сөзсүз тагына турган чач жасалгасы болуп эсептелинген.
Чач жасалгалары кыздарда да болгон, аны далынын тушуна чачтарына бекиткен. Аркалык — кара баркыттан же кызыл ноотудан тигилип, бетине шуру, мончок, седеп топчу, күмүш тыйындар бекитилген.
Чач жасалгалардын эң байыркысы болуп чачпак (чач кап) эсептелинет, ал чачты салган эки узун бөлүктөн туруп, ар бирине өрүлгөн чач салынган. Түрдүү күмүш бөлүкчөлөр топчулар, берметтер менен кооздолгон. Чач кап түндуктө да кездешкен, алар маржан шуру, суу мончоктор менен кооздолгон.