Бул лонгрид чоңкомпьютерлер үчүн калыпка салынган. Биз аны ноутбук, телефон жана планшетке да ылайыкташтырдык,
эгерде сизде чоң компьютерден ачууга мүмкүнчүлүк болсо, анда абдан жакшы болот. Ыракмат
БҮБҮШ
ОСМОНААЛЫ КЫЗЫ
Бул макалада жөнөкөй, таанымал эмес, бирок ошол эле учурда күчтүү, баатыр айымдын өмүр таржымалы чагылдырылды.
Анын аты — Бүбүш.
Тарыхта көптөгөн таасирдүү аялдар өздөрүнүн активдүүлүгү, искусствосу, саясаты жана лидерлиги аркылуу коомго зор таасирин тийгизип келет. Бирок, аялдардын тарых-таржымалы, басып өткөн жолу, кылган эмгеги көп учурда этибарга алынбай, көмүскөдө кала берүүдө.
Санжырачы аял
Женүү
Улантуу
Сүрөттү курсор менен басып көр (компьютерде иштейт)
Бүбүш апа
САНЖЫРАЧЫ АЯЛ
Саясий репрессиянын курманы болгон атасынын ысымын актоо аркылуу, адам укугу, бийликтин жарандарга болгон адилетсиз мамилеси менен жашоосунун аягына чейин күрөштү.
04
Бүбүштүн тагдырында трагедия дагы, салтанат дагы орун ала алды. Апа ѳткѳн кылымдагы кыйын кезеңдерге күбѳ болуп, үй-бүлѳсү менен бѳтѳн жерде оор жазмышты башынан ѳткѳрдү.
03
Репрессия
Бүбүш Осмонаалы кызы белгисиз, жөнөкөй, карапайым, ошол эле учурда адилеттүүлүк, намыс жана бийик адамдык касиеттерин көрсөткөн, адам деген улуу атты бийик туткан инсан.
01
Кыз
Ал мектеп жашынан тарыхка, санжырага кызыгып, адабий китептерди көп окуп, билимин жогорулатууга, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырууга өтө ынтызар кыз эле.
02
Бүбүш апа стереотиптерден коркпой, ишенимдүү кадамдарга барып, коомубуздагы эркектердин салтка айланган санжырачылык милдетин аткарган аял.
05
Бүбүш апанын Жети-Өгүз облусунун Оргочор айылындагы тарыхый музейде жайгашкан санжыра фондун түзүүгө дагы эмгеги зор.
09
Бүбүш Осмонаалы кызы «Санжырачылар» коомунун мүчөсү, санжырачылардын республикалык сынагынын жеӊүүчүсү болгон. Анын көптөгөн ырлары, дастандары, баяндары, эскерүүлөрү сакталып калды.
08
Кыргыз маданиятын жана тарыхын чогултууга жана сактоого аракети — деколонизациялык көз караштан алып караганда, өтмүшүбүздү ар тараптуу түшүнүүгө өбөлгө түзгөндүгүн белгилейт.
06
Санжырачылык — бул кыргыз ууруларын изилдеген киши. Бул кесип уруу, уруктардын, элдин келип чыгышы, таралышы, бөлүнүшү, тарыхы жөнүндө маалымат берген оозеки чыгармачылыктын бир түрү. Кээде бул жазуу түрүндө да учурайт.
07
Оозеки
Оргочор
Коомдук тоскоолдуктарга карабастан, бул инсан көрүнүктүү болгон санжырачы атасынын мурасын улантууга жана өзүн өз алдынча санжыра чогултуучу катары көрсөтүүгө жетише алган.
10
Ал атасынын атын коомчулукка жеткирүү үчүн бир топ күч-аракеттерди жумшап, чыгармаларын азыркы кыргыз алфавитине араб арибинен которуп басып чыгарган.
11
Улантуу
Женүү
Бүбүш апанын туруктуулугу жана аракети менен ал салттуу түрдө аялдарга жүктөлгөн тоскоолдуктарды ийгиликтүү жеңип, гендердик ролдор жана мүмкүнчүлүктөр түшүнүгүн өзгөртүүгө салым кошту.
12
Бул эгендүүлүккө ээ болуу менен биргеликте адамдардын, элдердин өз тарыхын өзү айтууга, өзү изилдөөгө, өз келечегин калыптандырууга жана өз тагдырын өзү башкарууга өтүү процесси.
ДЕКОЛОНИЗАЦИЯ
1990-жыл, Оргочор айылы
Бүбүш Осмонаалы кызы (оңдон экинчи) санжырачылардын сынагында
1990-жыл, Оргочор айылы
Бүбүш Осмонаалы кызы (сол жакта) санжырачылардын сынагында
омүр таржымалы
1939
Бүбүш апа Кытай Эл Республикасында төрөлгөн.
КЫТАЙ
Ал үч жашка чыкканда атасы Осмонаалы Чыгыш Теңир-Тоодо (азыркы КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районунун аймагында) Текес жергесиндеги Чекирти деген кыргыз айылында безгек оорусунан каза болот.
Атасы Осмонаалы кѳз жумгандан кийин үй-бүлѳсү дагы 14 жыл Кытай жергесинде турушат.
Бүбүш апа 1930-жылдары кулакка тартуу саясатынын кесепетинен Кытайга качып барган Исаков Мундуз аттуу кыргыз жигитке турмушка чыккан.
1956
Он жети жашар Бүбүш Осмонаалы кызы Кытайдан үй-бүлѳсү менен Ысык-Көл облусунун Жети-Ɵгүз районуна көчүп келген. Чыгыш Теӊир-Тоодо билим алган Бүбүш араб арибин колдонуп, кирилл арибин кеч үйрөнгөнүн өз макалаларында эскерет.
Бүбүш апа Кытайдагы балалыгын төмөнкүчө эскерет:
«1942-жылы атам ооруп калганында менин жаназамды сарыбагыштын молдолору окусун деп, Кулжадан Текестеги Чекирти деген жерге чейин ат араба менен келет. Атам ордунан тура албай тѳшѳктѳ жатып, ошол жерден 1942-жылдын күзүндө каза болот.
Бирок атамдын көзү өткөн соң, биз жетимдиктин кыйынчылыгын көргөн жокпуз. Текесте сарыбагыштын бай-манап деп куугунтук жеген молдолору бар эле. Ошолордун кароосунда өстүк».
Бүбүш Осмонаалы Кытайдан көчүп келүүсү тууралуу эскерүүсү:
«1956-жылы Кыргызстанга кайтып келип, Ысык-Кѳлдүн Кой-Сарысында туруп калдык. Апам 86 жашында 1991-жылы бул дүйнѳдѳн ѳттү.
2009-жылы атамдын жайын сураштырып Кытайга бардым, биз бала кезде апам бизди бир дөңдүн жанына жетелеп барып отуруп алып ыйлар эле. Ошол жерди болжоп барсам, атамдын жайы чындап эле ошол жерде экен. Түшүмдө да атамдын жайын дал ошол жерден көргѳм».
Осмонаалы ата
01
Ал санжыраны дагы, өз дастандарын дагы араб арибинде жазган. Бүбүш апа өз өмүрүн репрессиянын курмандыгы болгон атасынын атын, эмгектерин калыбына келтирүүгө арнады. Мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылган бейкүнөө адамдардын жакшы ысымын калыбына келтирүүгө өбөлгө түздү.
02
Ал бала чагынан эле адамдын укуктарын жана эркиндиктерин урматтаган адилеттүү мамлекетти курууга кыялданчу. Осмонаалы Сыдык уулунун иши 1958-жылы 27-майында Кыргыз ССРинин Жогорку Соту тарабынан каралып, ал акталган. Бирок, анын тарыхый эмгектери 1990-жылдардан тарта гана коомчулукка белгилүү болуп, тарых илиминде кайрадан карала баштады.
03
Бүбүш апанын улуу агасы Анварбек Осмонаалы уулу 1980-жылы 44 жашында көз жумган. Агасынын ѳлүмү ал үчүн ѳтѳ оор тийген. Бир боору үч гана жаш улуу болсо да ата ордуна атадай болуп калганын агасы кѳзү ѳтүп кеткенден кийин түшүнүп, агасын гана эмес атасын дагы жоктоп, ушул жылдардан тарта атасынын атын кайрадан жайылтууга ѳткѳн.
Бүбүш апа атасы Осмонаалынын сүрөтү менен
Ортодо Бүбүш Осмонаалы кызы Кытайда изилдөөдө
Бүбүш Осмонаалы кызы балдары, неберелери менен Кочкордо, Осмонаалы Сыдык уулунун эстелигинин жанында
Бүбүш апа баласы жана кызы менен Үрүмчүдө
ЭЛ ДУШМАНЫН КЫЗЫ •
ЭЛ ДУШМАНЫН КЫЗЫ •
ЭЛ ДУШМАНЫН КЫЗЫ •
ЭЛ ДУШМАНЫН КЫЗЫ •
ЭЛ ДУШМАНЫН КЫЗЫ•
ЭЛ ДУШМАНЫН КЫЗЫ•
ЭЛ ДУШМАНЫН КЫЗЫ•
ЭЛ ДУШМАНЫН КЫЗЫ•
ЖЕ БҮБҮШ АПАНЫН АРМАНЫ
«Биз, атасыз өскөн балдар, аталарыбыз сталиндик репрессиянын курмандыгы болгондугун билсек да, "Сталин биздин күнүбүз", "Сталин биздин үнүбүз" деген сөздөрдү кайталап турчубуз»
Туңгуч жазма тарыхчы, кыргыз диссиденти Осмонаалы Сыдык (Кыдык) кыргыз элинин таржымалын изилдөөдө, тарых илимине кошкон салымы чоӊ, ал өз мезгили үчүн жетиштүү билим алган инсан.
Анын эмгектери бүгүнкү күндө колониалдык мезгилдеги кыргыз коомун изилдөөдөгү маанилүү тарыхый булактардын бири.
Тарыхчынын эки чыгармасы («Муктасар тарих-и Кыргызиа» жана «Тарих-и кыргыз Шадмания») Уфа шаарында 1913-1914-жылдары басмаканадан өз алдынча эки китеп болуп басылып чыккан.
Осмонаалы эл-жеринен 1931-жылы Кытай тарапка качып, анын чыгармаларына совет өлкөлөрүндө тыю салынган. Кыйынчылыктарга карабастан, ал Кытайда изилдөө иштерин улантып, үйлөнүп, балалуу болгон.
Аргасыз журт которгон Осмонаалы Кытай жергесине жайгашып, жашоосунун акырына чейин бѳтѳн жерде ѳмүр сүргѳн.
04
Бирок, Советтер Союзунун орношу жана андан кийинки саясий репрессиялар жана куугунтуктар менен Осмонаалы Сыдык уулу коммунисттик режимден кутулуу үчүн Кытайга качууга аргасыз болгон.
03
Осмонаалы кыргыз элинин фольклордук тарыхын жана оозеки салттарын чогултуп, документтештирүүгө, өлкөнүн тарыхын реконструкциялоого умтулган алгачкы кыргыз илимпоздорунан болгон.
01
Октябрь революциясына чейин эле эки ирет Кыргыз тарыхына тиешелүү эмгектерин басмадан чыгарууга жетишкен.
02
Бүбүш Осмонаалы кызы (ортосунда) санжырачылардын сынагында
1990-жыл, Оргочор айылы
Бүбүш атасынын Кытайдагы жашоосун төмөнкүдөй эскерет:
«Атам жашоосун кыргыз тарыхына арнагандыктан жана илим-билимге терең маани бергендиктен тарыхка, санжырага, илим-билимге кызыккандардын, ата-тегин тактагысы келгендердин арасында бийик урмат-сыйга татыган.
Эл агартуу менен эмгектенгендиги үчүн эл ичинде да кадыр-баркы жогору болгон.
05
Кытайда жүргөнүндө кышкысын гимназияда сабак берип, жаздан баштап болуштуктарга барып мугалимдерди окуткан. Атам агамды, апам мени өңөрүп алып болуштуктарды кыдырып сабак өтчү экен.
Сабактардын жыйынтыгында “балдарды, мугалимдерди окуттуң, билимин өстүрдүң” деп элдер ыраазычылык иретинде мал-мүлк чогултуп беришкендиктен, болуштуктан кайтаарда бир короо мал толуп калчу.
06
"Эртең кетебиз" деген күнү бир жылкыны сойдуруп кошуна-колоңдорго тамагын тартып, калган мал-мүлктүн баарын жардыларга, муктаждарга тең таратып берип туруп, атаң экөөбүз эки атка силерди өңөрүп алып эле кетип калчубуз, — деп апам айтаар эле».
07
Үйдөн киши, мамыдан ат үзүлчү эмес эле дешет. Бири тарых, бири ата-тегин, бирлери дин жолун сурап бул үй-бүлөгө көп адамдар кайрылышчу экен.
08
«Атамдын өмүр баяны»
02
Бүбүш Осмонаалы кызы ошол жылдардан тарта атасы тууралуу макалаларды жазып, анын эмгектерин жайылтууда чоӊ эмгек сиӊирди. 1991-жылы «Ала-Тоо» журналындагы «Атамдын өмүр баяны» макаласы жарык көрүп, анын өмүрүнө болгон жаңы кызыгууну жараткан.
01
Бүбүш Осмоналиеванын «Биз, атасыз өскөн балдар, аталарыбыз сталиндик репрессиянын курмандыгы болгондугун билсек да, "Сталин биздин күнүбүз", "Сталин биздин үнүбүз" деген сөздөрдү кайталап турчубуз» деп эскерет. Мамлекеттик идеология, пропаганда жарандардын көзүн боёп, алардын көп убакта билсе дагы үн ката албагандыгы аны көп учурда түйшөлткөн.
03
Атасынын изин издеп Бүбүш Осмонаалы кызы Кытай Эл Республикасына барып, атасы тууралуу көптөгөн эскерүүлөрдү чогултту. Бул иш оӊой турбаганын, мамлекеттик мекемелердин эшигин каккылап, жыйынтык көп убакытта ала албаганы тууралуу ал өз интервьюларында айтат.
Бүбүш Осмонаалы кызынын макаласы
«Атасы тууралуу чакан изилдөө жүргүзгөнүмдү угуп, сүйүнгөнүнөн студенттик жатаканага издеп келиптир. Илгери. Кийин үйүндө болдум»,
— Арслан Койчиев.
03
Коомдук ишмер Чоробек Сааданбек Бүбүш апаны төмөндөгүдөй эскерет:
«Бир жолу bizdin.kg сайтына атасы Осмонаалы Сыдык уулу тууралуу материалдарын берем деп бизди атайын издеткен экен.
01
Мага телефон чалып, ким экени азыр эсимде жок, ушундай эже сизге жолугат элем деп жатат дегенде абдан сүйүндүм эле. Тилекке каршы, жолугушуу болбой калды. Телефон чалгандар кайра байланышка чыгышкан жок. Эжеге жолукпай калганыма өкүнөм».
02
КОЛ ЖАЗМАЛАРЫ
Бүбүш апанын кол жазмалары. Оң сүрөттө — санжыра
Санжырачы, беш баланын энеси Бүбүш Осмонаалы кызы тарыхый адилеттүүлүк үчүн өмүрүнүн акырына чейин күрөштү.
06
«Эсимде» изилдѳѳ аянтчасы менен бирге Бүбүш ападан интервью алуу максатында Оргочор айылына аттанып жатып, апанын 2020-жылдын 22-июль күнү дүйнөнү каптаган пандемиянын курмандыгы болуп, оорудан көз жумгандыгын уктук.
04
Бүбүш апа көзү тирүү кезинде Кытай жергесинде көмүлгөн атасынын көрүстөнүнө куран окуп келүүнү эңсеп жүрүп, арманда кетти. Анткени, Кытайдагы саясий абалдарга байланыштуу чыгыш Теңир-Тоо аймагына баруу деги эле мүмкүн эмес болуп калды.
05
Жусуп Мамай менен жолугуусу
1990-жыл
Бүбүш Осонаалы кызы (солдон биринчи) «Санжырачылар» сынагында
Портрет
Эсимде изилдөө аянтчасынын CFLI колдоосу менен аткарылган «Он эки» / «Двенадцать» аттуу демилгеси